Кыргызстанга жарым жылда 2,6миллион чет өлкөлүк жаран келген

0
288

2022- жылдын алты айында, Кыргызстандын чек арасын жарандык өлкөлөрү боюнча кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны 2,6 миллионду түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын чек араны кесип өтүүлөрүнүн үлүшүнө 97 пайыз же 2,5 миллиону туура келди. Алардын эң көп саны Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандарынын ичинде катталды.

Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашты жана өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Чек араны кесип өтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Аравиянын жарандарына туура келди.

2022-жылдын 1-июлуна карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 100 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер катталды. Катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жеке ишкердик менен алектенишет.

2022-жылдын январь-июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 10 млрд сомдон ашыгыраак же ИДПга карата 3,1 пайызды түздү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here