Баткен шаарындагы 375 орундуу жаңы мектеп октябрь айына пайдаланууга берилет

0
640

Кызыл-Дөң кварталынын Бакай-Ата участкасындагы сел арага курулуп жаткан 15 метр аралыктагы көпүрөнүн курулуш иши 80 пайызга аткарылды. Курулуштун жалпы сметалык баасы 10 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы жаан-чачын көп болуп, сел өтүүчү сайга жакын жайгашкан турак үйлөргө кооптуу абал жаралган. Сай жээгин бекемдеген габион торчолорун агызып кетүү кооптуулугу да пайда болгон. Бакай -Ата участкасына курулуп жаткан көпүрө пайдаланууга берилсе 300 кожолуктун ички чарбалык иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлөт.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, курулуш иштеринен кабар алып, жумушу убагында, сапаттуу аткарылышын курулушчулардан талап кылды.

Шаар мэри бул күнү Кызыл-Дөң кварталындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушу менен да кабар алды. Быйылкы жаңы окуу жылында октябрь айына карата мектептин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө деп белгиленет, мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here