Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы жогорулады.Айыл өкмөтүнүн катардагы кызматкери 30миңден жогору маяна алат

0
706

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы жогорулады.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечимдин негизги максаты — өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып 67 749 сомду түзөт.

Ал эми жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акысы 21 098 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып 49 012 сомду түзөт.

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып, эмгек акысы 41 319 сомду түзөт.

Жетектөөчү адиси 18 213,4 сом алып келген болсо,мындан ары эмгек акысы 35 940 сомду түзөт.

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, эми 38 830 сомду түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэрияларынын бөлүм башчысынын эмгек акысы 16881,3 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт.

Мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акысы 13813,2 сомду түзүп келген болсо, ал 34 708 сомду түзөт.

Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, эми 33 851 сомду түзөт.

Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып,27 706 сомду түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here