ӨКМ өлкөдө сел жана таш кулоо кооптуулугу күтүлүп жатканын билдирди

0
218

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 8-12-июль күндөрү туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана таш кулоо кооптуулугу бар.

Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Талас облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлүүдө. 

Ал эми таш кулоо коркунучу бар делген кооптуу жолдор:

— Ош – Раззаков унаа жолунун: 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдары,

— Бишкек – Ош: 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдары

— Ош – Сары-Таш – Эркечтам: 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдары

— Бишкек – Балыкчы: 112-128-чакырымдары

Министрлик жарандарды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырып, өзгөчө кырдаалга кабылганда 112 кызматына чалууну сунуш кылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here