Баткенде бир жумада 10 мас айдоочу аныкталды

0
170

Облутук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, Баткенде соңку аптада 819 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Анын 14ү тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар, 10у мас абалында авто унаа айдаган, 160ы белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган, бири мыйзамсыз терезелерин карангылаткан. 

Башка жол эрежелерин бузган 634 факты катталган.

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 38 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here