Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматта, 24-июнь кунү аткезчиликке каршы ыкчам иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринде тоннел табылганы айтылат.
Тоннел казылган үйдүн ээси Ош облусунун тургуну экени аныкталды. Тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, ал эми кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метр экени такталды