Бишкекте жаңы стадион курулат

0
362

Заман талабына ылайык стадион  22,5 миң орундуу болот.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров да бул боюнча кыргыз-тажик футболчуларынын оюнунан кийин Ак шумкарлар улуттук курама команда менен жолуккан учурда айтты.

Стадион европалык компания тарабынан салынаары, эскизи да даяр экени айтылды.

Белгилей кетсек, 14-июнда  Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары футбол боюнча оюн өткөрдү. Командалар  оюнду  0:0 эсебинде жыйынтыктады. Натыйжада эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына катыша турган болушту.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here