Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун эски багыт Баткен – Боз-Адыр тилкесинде 3,5 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө 3,5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.