Жоопкерчиликке тартылган 17 милиция боюнча жетекчилиги билдирүү таратты

0
995

Баткен облусунда жоопкерчиликке тартылган 17 милиция кызматкеринин блогер Батмакан Жолдубаеванын ишине тиешеси жок.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди

Белгилей кетсек, 23-майда КР Акыйкатчы институтуна шилтеме берүү менен айрым маалымат агенттиктер “блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине сөгүш берилип, бир кызматкер кызматынан бошотулду” деген таризде маалымат чыккан.

Буга байланыштуу Баткен облустук милициясы билдирүү таратты

Анда,

«Баткен Облустук Ички Иштер Башкармалыгынын  жетекчилигинин тапшырмасы менен облустук милициядан түзүлгөн топ, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган.

Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 2022-жылдын 15-апрель күнү корутунду чыгарган. Жыйынтыгында Баткен Райондук милициясынын 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

КР Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдөгү Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБнүн кызматкерлеринин тиешеси жок» деп айтылат.

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here