Тажикстанга мыйзамсыз жол менен жер семирткич алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

0
771

Аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди ташып өтүүгө аракет жасаган жаран кармалды. Бул боюнча  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аткезчилик аракетин көргөн жаран, Кулунду айыл аймагынан Тажикстанды көздөй бара жаткан.Ал кыргыз жараны.

Текшерүү учурунда жогоруда аталган унаанын бортунан коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү, жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 80 кап минералдык жер семирткич  табылган.

«Эксперт Баалоо» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, табылган товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча материалдар маалыматтык каттоо журналына катталды. Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here