Жер астынан Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жол табылды

0
738

Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды, — бул тууралуу  КР Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган.

​Тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

​Жер астынан өтүүчү жол табылган аймактын ээсине  карата, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.Анткени ал адам учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жатат.

​Учурда кылмышка тийешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат деп айтылат маалыматта.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here