Акыркы конгуроо салтанатын кафеде өткөрүүгө,тоого чыгууга жана кортежге тыюу салынат

0
853

Баткен шаарында, милиция, мектеп директорлору, социалдык коргоо бөлүмүнөн өкүлдөр, билим берүү тармагынан жетекчилеринин катышуусунда акыркы конгуроо салтанатына байланыштуу мектеп окуучуларынын коопсуздугу талкууланды.Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анда мектеп бүтүрүүчүлөрү кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүсүнө, унааларда кортеж болуп сейилдөөгө, өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга тыюу салынарын белгилешти. Жыйында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө ата-энелерге да жүктөлөрү айтылды.

Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында Баткен шаардык милициясы майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 4 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр катышкан 5 кылмыш катталып, бети ачылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here