Чечмедеги кырсыктан каза болгондор жерге берилди

0
1353

Кадамжай районунун Чечме айылындагы «Чечме» бекетинде катталган ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгондор менен коштошуу зыйнатына облустук, райондук жетекчилер катышып, алардын жакындарына президент Садыр Жапаровдун жана облус элинин атынан көңүл айтышты, деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 21-майында Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.
Кырсыктан 8 киши каза болуп, 11 адам денесинен ар кандай жараат алып, жергиликтүү ооруканага кайрылышкан, алардын бирөө өзбекстандык.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here