Оор жүк ташуучу унаа бир канча адамдарды жана унааларды сүзүп кетти

0
800

Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда, бүгүн саат 15.50 чамасында  Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан “Чечме-автожол” өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Жерине Баткен ОИИБнын жана Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда.

Бул факт Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат, деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here