Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Өргө айылынын тургуну Абдирасил Сайитов, Италиядан кулпунай көчөтүн алдырып, 2021-жылдын август айында отургузган. Ишкер 2 сотых жер аянтына кулпунайдын эки түрүн тиккен. Апрель айында алгачкы түшүмүн алып, 22 кг кулпунайды, килограммын 300сомдон сатты.
Ишкер Абдирасил Сайитов, альбион жана клери деп аталган кулпунайдын бул түрлөрү, дүйнөлүк рыноктын талаптарына жооп берген, жогорку сапаттагы азык экенин жана экспорт кылууга абдан ыңгайлуу экенин, бир даана мөмөнүн салмагы 45 граммга чейин чыгат деп белгилейт.
Абдирасил мырза, кулпунайды атайын муздаткычы бар техникалар менен, +2 градуста, чет өлкөлөргө экспортоого болоорун, узак убакытка чейин сапаты бузулбай турганын айтат.
Кулпунайдын “клери” түрү бир жылда бир жолу түшүмүн бергени менен, 40 күн бою, күнүгө эки жолу түшүмүн терсе болот.
Ал эми “альбион” түрү болсо эрте жаздан баштап,кеч кузгө чейин мөмөсүн берет.
Ишкер кулпунайды өзгөчө ыкмада өстүрүүдө. Балагандын ичинде (күнөскана сыяктуу, жылытылбаган жай) топурагын атайын пленкалар менен ороп, тамчылатып сугаруу менен өстүрүп жатат.
Абдирасил Сайитов кесиби боюнча инженер, ал буга чейин Орусияда көп жыл эмгектенип келген. Кулпунайдын мындай жогорку сортторун өстүрүүнү чет жактан көрүп келген. Азыркы учурда кулпунайдын бул түрлөрүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жаткан кези.
Кадамжай райондук айыл чарба департаментинин башчысы Айдар Асамединовдун маалыматына таянсак, район боюнча кулпунайдын аянты учурда 10 гектардан ашканын, гектарына 6 тоннадан ашуун түшум алса болоорун белгилейт.
Адистердин айтымында, акыркы үч жылда, аймактагы дыйкандар арасында кулпунай өстүрүү активдүү колго алынууда.
Сабира Бакирбек кызы