Суу май жана жер семирткич ташыган аткезчилер кармалды

0
281

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагынан эки жарым тонна химиялык жер семирткич жана үч тонна суу майды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Кармалгандар кыргыз жарандары. Мыйзамсыз жүк жалпысынан 1 млн. 700 миң сомго барабар. Учурда бул учур боюнча тергөө иштери жүруп жатат.

Белгилей кетсек өткөн жылдын соңунда Чек ара кызматы 2021-жылы Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталганын, мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашканын билдиришкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here