Чек арада каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

0
262

5-апрель түнү, Өзбекстан Кыргызстанга чек ара чырынан каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ кыргыз-өзбек чек арасында курал колдонуу менен чыр чыгып, анын натыйжасында Кыргызстандан Өзбекстанга ат менен баасы 20 миң доллар турган аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган 2 жаран каза болгон, калган чек ара бузуучулар КРнын аймагына качып өтүүгө үлгүрүшкөн.

Кыргызстандын чек ара кызматы чыр-чатактын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жарандары Аксы районунун Дейрес айылынын 1984-жылы жана 1991-жылы туулган тургундары экенин билдирет.

Белгилүү болгондой, каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп өскөн жарандар болуп, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Орун алган чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат, деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here