Кадамжайда жаңы сугат каналы курулуп баштады

0
243

Кадамжай шаарында Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушуну башталды.

Аталган саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул күнү каналдын курулушу үчүн тоо тектери жардырылды.

Каналдын курулушу аяктаса 4200 гектар жер сугат суу менен камсыздалат. Каналдын узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми курулуштун болжолдуу наркы 634,2 млн сом.

Каналды куруу долбоору «Алгакадам» коомдук бирикменин жана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here