Баткенде улуттук ат оюндары өтүп жатат

0
395

Баткен шаарындагы ипподромдо “Нооруз-2022” майрамынны алкагында  көк бөрү оюнунан сырткары улуттук оюндардын бир канча түрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Бүгүн, 20-мартта салбуурун, эр эңиш боюнча мелдештер өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучулар келишкен.

Белгилей кетсек эртен, 21-мартта Баткен шаарындагы ипподромдо көк бөрү оюнунун финалдык беттеши өтөт. Ал эми борбордук стадиондо классикалык кыргыз күрөшү болот.

Турнирлер көк бөрү, эр эңиш жана салбуурун оюндарынын маданиятын эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана өлкөнүн жети дубанына жайылтуу максатын көздөйт. Ошондой эле дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат.

Баткенде улуттук ат оюндары 17-марттан тарта өтүп жатат.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here