Баткен: Нооруз майрамына 9:00гө чейин келиңиз

0
1094

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Эртең, 21-мартта Баткен шаарындагы борбордук стадиондо  “Нооруз-2022” майрамы республикалык деңгээлде өтөт.

Салтанаттын жүрүшүндө:

— кол өнөрчүлүк, тамак аш, айыл чарба жарманкелери

— улуттук классикалык күрөш мелдеши

— «Баткен килемдери” аллеясы

— 1 тонна сүмөлөк бышырылат

— Баткен облусунун 3 район, 3 шаарлары тарабынан  боз үйлөр тигилет

— “Нооруз” театралдаштырылган прологу көрсөтүлөт

— Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Нооруз майрамына арналган концерттик программа болот. Концерттик программа кечинде да уланып, облус тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.

Белгилей кетсек, майрамдык иш чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталат. Стадионго кирүү көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлөт.

Андыктан, урматтуу облус тургундары, саат 09:00гө чейин кечикпей текшерүүдөн өтүп, борбордук стадионго жайгашууга чакырабыз, деп айтылат КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым уккутуу өкүлчүлүгү тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here