Орус тилинде билим алып жаткан балдардын келечеги

0
312

Баткен шаарында орус тилдүү жалгыз мектеп бар. Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде  нормадан үч эсе ашык окуучу бар. Мектеп 640 орунга эсептелген болсо, учурда 2037 окуучу билим алууда.Бир класста 50дөн ашык окуучу окуйт. Бирок шаарда баласын орус тилинде билим алуусун каалаган ата энелердин саны жыл сайын көбөйүп келет. Мындан улам шаардагы кыргыз тилдүү мектептерде орус класстары ачылган, бирок ал балдар башталгыч классты аяктаган соң, окуусун орус тилинде уланта алабы?, ал үчүн предметтик мугалимдер жетиштүүбү, дегеле шарт барбы? деген маселе турат. Биз бул багытта абалга саресеп салып көрдүк.

Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Гүлжамал Ысманова, “орус тилдүү мектепте балдарын окутууну каалаган ата энелердин  суроо талабы дагы эле жогору, бирок биз бардык эле ата энелердин суроо талабын канааттандырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок экенин айтабыз, аны баары эле түшүнө бербейт,  эгер кошумча  имарат курулса, көйгөй  жеңилдемек” дейт

Шаардагы эң чоң Владимир Ильич Ленин атындагы орто мектеби, кыргыз тилдүү мектеп болуп саналат.Бирок суроо талаптан улам үч жыл мурда аталган мектепте да орус класстары ачылган.

“Үч класста окуучулар орус тилинде  билим алып жатат. Анын себеби   шааарда калктын санынын өсүшү, заман таабына жараша орус тилинде билим алууну каалагандардын суроо талабы болду. Ошондуктан кыргыз мектептеринде орус класстарды ачканга мүмкүнчүлүк алдык”  дейт В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору Мавлюда Маккамбаева.

Маалым болгондой мындай көрүнүштү шаардын бир катар мектептеринен кезиктирүүгө болот. Бул багытта жеке менчик мектептердин да ачылуусу көйгөйдү жеңилдетти, бирок окуучулар башталгыч классты аяктаган соң, алардын, мындан аркы келечеги эмне болот деген маселе турат.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматов, “бул боюнча  ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз,4-классты бүткөндөн кийин шаарда маселе пайда  болот деп айтканбыз. Ата-энелер, “балам бир аз орусча билим алса болду, калганы биздин ишибиз” дешкен. Бул  маселе бизди да ойлонтуп келет, азыр ошол кыргыз мектептеги, орус класстын окуучулары 3-класста окуп жатат, эми алар  4-классты бүткөндөн кийин Ж.Бөкөнбаев мектебине барышат, ал жакта орун болбой калса, кыргыз тилдүү мектепте, кыргыз тилинде билим алуусун улантууга туура келет” деп билдирди.

Абдилла Акматов, “бул көйгөйдү жеңилдетүүнүн дагы бир жолу шаарга жаңы мектеп куруп, аны орус тилдүү мектеп катары ишке берүү зарыл, жакынкы жылдарда Россия Федерациясы Кыргызстанга он мектеп курат  деген келишим бар. Бирок азырынча бул иштер баштала элек” деп кошумчалады.

Демек, бул маселе жакынкы аралыкта чечилүүсү күмөн. Мындан улам, учурда шаардын мектептеринде  орус тилде билим алып жаткан башталгыч класстар, жогорку класска көчкөндө, билим алуусун, кыргыз тилинде улантууга туура келет.

 

Сабира Бакирбек кызы

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here