Кыргыз-тажик жолугушуусу: Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө чыр чатакка жол бербөө макулдашылды

0
1307

Баткен жана Тажикстандын Исфара райондорунун башчылары жолукту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б. Баходурзода жетектеген делегация менен Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Тумба жерлигинде жолугушту.
Жолугушууга күч тузумдөрүнүн жетекчилери жана чектеш айыл аймак башчылары да катышты.

Алар чек ара аймактарында коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо, , эки элдин ортосундагы ынтымакчылыкты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо ошондой эле жазгы талаа иштерин жүргүзүүдөгү чыр-чатактардын алдын алуу жана чарбалык-ирригациялык маселелер каралды.

Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо жактары каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо сүйлөшүлдү.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here