Баткенде мыйзамсыз автоунаа ташып келген жаран кармалды

0
557

Бажычылар, кыргыз жарандын башкаруусундагы 2003-жылы чыгарылган  “TOYOTA ALPHARD” үлгүсүндөгү унаа текшеришкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын идентификациялык номурлары (VIN) менен автотранспорт каражатынын каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлгөн номердин ортосунда дал келбестик аныкталган. Ошондой эле, салондон Армения Республикасынын мамлекеттик номердик белгилери табылган.

Кыргыз жана Армениянын кирешелер комитети тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча транспорт каражатын каттоо жөнүндө маалымат жок. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 668 607 сомду түзгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here