Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн доза вакцина берет

0
418

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-февралда, Пекин шаарында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушканы маалымдалган.
Жолугушуунун жүрүшүндө КЭР төрагасы кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 млн доза вакцина берүү жана коопсуздук чөйрөсүндө 50 млн юань суммасына кайтарымсыз жардам көрсөтүү чечимин кабыл алганын маалымдап, ар кыл тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирди деп айтылат, коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here