Баткендин Кара-Булак айылындагы 1700 метрлик сел ара тазаланууда

0
358

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,  Баткен районунун Кара-Булак айылында 1700 метрлик сел өткөрүүчү сай тазаланууда.  Айылды тең экиге бөлгөн сайда механикалык тазалоо иштерине ӨКМден техникалары тартылып, учурда аяктоо алдында турат.

Тазалоо иштеринин натыйжасында  Кара-Булак айылындагы 60 турак үй, 1500 метр ички чарбалык арык жана 2000 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан корголот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here