Баткенде 43 жаштагы жаран киши колдуу болуп каза болду. Бул маалыматты Баткен ОИИБнын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
Маалыматка ылайык 2021-жылдын 25-декабрь күнү саат 22.45. чамасында Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылынын 43 жаштагы Т.К. аттуу тургуну денесинен жараат алып, Кадамжай районунун Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилген.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жабыркаган тургун курчтуу заттан жараат алганын аныкташкан.
Бул маалымат Баткен РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (денеге атайын оор залал келтирүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Өндүрүш ишинин алкагында Баткен РИИБнин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Бөжөй айылынын 24жаштагы Ж.Б.аттуу тургуну аныкталып кармалган. Азыркы учурда убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Облустук милициянын маалыматында каза болгон жаран Бөжөй айылындагы мектептин директору болгон.