Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанатка катышкан облус башчысы Абдикарим Алимбаев, алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.
Мектеп 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынды.
А.Масалиев атындагы орто мектептин курулушу 2021-жылдын 23-майында башталып, “Аминь” ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн.Жаны мектеп заманбап эмеректер менен камсыздалды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматында, аталган мектеп буга чейин эскилиги жеткендигине байланыштуу өлкө башчы С.Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында аталган мектептин жаңы имаратын куруу зарылчылыгын белгилеп,мамлекеттик бюджеттен каражат ажыратуу боюнча тапшырма койгон.
Кызыл-Бел айылынын тургундары жергиликтүүлөрдүн социалдык маселерине көнүл буруп жаны мектептин курулуусу боюнча өлкө башчысына өздөрүнүн ыраазычылыгын айтышты.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан.
Ага ылайык, Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250,0 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.