Кадамжай районунун Таш-Коргон айлында заманбап Фаптын ачылышы болду. Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы ачылган ФАП 700 кожолуктагы үч миңден ашык адамды медициналык жактан тейлейт.
Имараттын ачылуу аземине Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Б.Коргонбаев катышып, жергиликтүү элди жакшы саамалык менен куттуктады.
Жогорудагы имараттын курулушуна 8 млн сомдук долбоор “Катар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте иш жүзүнө ашырылды. Бул сумманын ичинен 1,5 млн сому айыл өкмөттүн эсебинен которулган.