Кыргызстандан Ооганстанга мунай экспорттолуп жатат деген маалымат-фейк

0
689

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы, маалымат айдыңдарында Кыргызстандан Ооганистанга мунай экспорттолуп жатат деп жарыяланган маалымат чындыка дал келбестигин маалымдайт.

2021-жылдын 16-декабрына кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын баардык көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу жарандарды, транспорт каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун негизинде убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы Токтомунун негизинде мунай жана мунай азыктарын Кыргыз Республикасынан ЕАЭБдин аймагынан сырткары чыгарууга убактылуу чектөө коюлган.
Кыргызстандан башка Өлкөлөргө мунай жана мунай азыктарын чыгып жатат деген маалымат – фейк деп белгиленет башкармалыктын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here