Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди

0
1223

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев  7-ноябрь Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата, Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.

Аталган иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев  жетектеген облустук,райондук жана шаардык мекеме- ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө: “Журналисттер жаңылыктын жана жакшылыктын жарчысы. Коомдо болуп жаткан ар бир окуялар, өзгөрүүлөр, сиздер аркылуу элдин калың катмарына жетет. Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында, мамлекет тарабынан жасалып жаткан иш аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө, сиздердин аракетиңиздер баалоого арзыйт” деп белгиледи.

Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө журналисттердин кесиптик майрамына карата, бир катар ММКнын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүлдүн бир катар сыйлыктары менен сыйланышты.

Андан сырткары кесиптик майрамга карата облустук, райондук жана шаардык мекеме ишканалар тарабынан ЖМК өкүлдөрү сыйланышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here