Баткен облусунда 9 айда 3062 жаңы жумуш орун түзүлгөн

0
462

2021-жылдын 9 ай ичинде аткарылган жумуштар 28-октябрь күнү өткөрүлгөн коллегияда талкууга алынды.

Алгач облус башчысынын орун басары Ж.Исаков облус аймагындагы бардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берип өттү.

Ошондой эле  аким, мэрлер да район-шаарларда аткарылган иштер, ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат беришти.

Белгилей кетсек Баткен облусунда 2021-жылдын 9 айы ичинде өнөр жайында  өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2603,7 млн сомду түзгөн.  Ал эми өсүү темпи 231,2% га аткарылгандыгы айтылды.

Айыл чарбасы 16287,9 млн сомго, же  өсүү темпи 89,7%, салык топтоонун планы 105,6 %,  аткарылып 855,5 млн сомдук салык жыйнамдары жыйналган.

Жаңы түзүлгөн жумушчу орундардын саны 2021-жылдын 9-ай ичинде 3062 жумушчу орун түзүлдү. Бул көрсөткүчтү былтыркы жылга салыштырганда 95,8 пайызды түзгөндүгү коллегияда сөз болду.

Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тарабынан, кээ бир айыл өкмөттөрдүн жана мекемелердин башчыларына чара көрүү боюнча аким,мерлерге тапшырма койулду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here