Баткен облусунда көмүргө туруктуу нарк коюлду

0
717

Бүгүн 29-октябрда  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарына жумушчу сапары менен барды.

Сүлүктү шаарына облус башчысы менен бирге Баткен облусунун аймагындагы бардык райондук администрациялардын башчылары жана айыл аймак башчылары да барышты. Иш сапардын максаты көмүр  чыккан кендердин ишмердүүлгү менен жеринде таанышып, баасын турукташтыруу.

Натыйжада айыл аймак башчылары, өз аймактарынын калкын арзан көмүр менен  камсыз кылуу максатында, кен казган ишканалар менен түз келишим түзүп, көмүрдүн наркы макулдашылып, туруктуу баа коюлду.

Бүгүнкү күндө  Сүлүктү көмүрүнүн баалары:

Лейлек районунда  буга чейин көмүрдүн баасы 10-11 сом болсо, азыркы күндө

БК ( көмүрдүн ири сорту)   7 сом 50 тыйын,                                                          БР (көмүрдүн  орто сорту) орточо 5 сом 50 тыйынды түзөт.

Кадамжай районунда

БК көмүр 11 сом болсо, азыр 9 сом

БР 10 сом болсо, учурда 6сом 50 тыйын.

Баткен шаары жана Баткен районунда БК көмүр баасы 11 сом болсо, азыр 8.50 сом

БР 10 сом болсо, азыр 6.50 тыйын.

Кызыл-Кыя шаарында БК 11 сом болсо, азыр 9 сом

БР 10 сом болсо, учурда 6сом 50 тыйын.

Сүлүктү шаарында

Бк 8 сом азыр 7 сом

Бр 6 сом азыр 5 сом

Ал эми Самаркандек көмүрүнүн баасы:

Баткен району жана Баткен шаарында «Баткен мунай» ишканасы казып алган көмүрдүн баасы 4 сом,

«Закирдин кен» тарабынан казылган көмүрдүн баасы 3.50 тыйынды түзөт.

А. Алимбаев өз сөзүндө эгер облус аймагында көмүргө болгон баалар өсүп кете турган болсо, аким-мэрлер, антимонополия менен биргеликте түздөн-түз жооп берээрин катуу эскертти деп айтылат, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here