Жаштар экстремизмге каршы

0
523

Лейлек районунун Исфана шаарында бүгүн “Жаштар экстремизмге каршы” аталыштагы семинар болду. Семинарга жергиликтүү күч түзүмүнөн өкүлдөр, Лейлек, Сүлүктү аймагындагы мектеп мугалимдери, соцпедагоктор, айыл имамдары жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты. Бул маалыматты Баткен облустуук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Бул иш-чара Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан уюштурулуп, жалпы катышуучуларга буклеттер, колдонмо куралдар таркатылды.
Алгачкы сөздү Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева сөз сүйлөп район аймагындагы коомдук саясий абалга токтоп кетти.
Бул иш-чаранын максаты улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, провокациялык чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү.
Семинардын жүрүшүндө Лейлек районунун башкы имам хатиби Дүйшөев Абдиравшан ажы район аймагындагы диний кырдаал боюнча түшүнүктөрдү айтып, учурда мыйзамдуулуктун негизинде ыйман сабактары өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетти.
ЭММКАК кызматкерлери Кыргызстанда диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясы, диний экстремизмдин алдын алууда бир топ аракеттер болуп жаткандыгын кеңири баяндап, видео тасмалар менен түшүндүрүп өттү.

Семинардын соңунда семинардын катышуучулары ЭММКАК кызматкерлерине бир топ суроолорду беришип, кеңири жоопторду уга алышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here