Баткенде волейбол боюнча турнир өттү

0
1019
25 — 26 — февбраль күндөрү Баткен шаарынын дене тарбиясы жана спорт тармагына чоң салым кошкон Тажидин Таабалдиевдин жаркын элесине арналган спорттун волейбол түрү боюнча турнир болуп өттү. Турнирге жалыпысынан 14 команда катышып, оюн тайпалык этап менен өткөрүлдү. Бүгүн 26-февраль жарым финал жана финалдык беттештер орун алып турнир жыйынтыкталды.
Байгелүү орундарга төмөнкүлөр жетишти:
1 — орун «Отор» командасы Бужун айылы,
2 — орун «EREM» командасы УКМК,
3 — орун «Аксы» командасы Чек айылы,
4 — орун » Баткен шаары» командасы
Мындан сырткары мыкты оюнчулардагы сыйланды.
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан колдоо максатында каржыланган акчалай сыйлыктарды жеңген командаларга шаар мэри Мамыржан Рахимов тапшырып, андан сырткары жеке үй бүлөсүнүн атынан да акчалай сыйлык тапшырды.Баткен шаарынын мэриясынын эсебинен жалпы акчалай сыйлык үчүн 65 мин сом бөлүндү деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы
 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here