Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир ажы” борбордук базарында өрткө каршы тактикалык машыгуу өттү.
Машыгууда, өрт катталган учурда өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, жеке ишкерлердин өрт коопсуздук эрежелерин сактоосу иш жүзүндө сыналды.
Иш чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да катышып, ал эми өрт өчүрүү унаасына тоскоол болгон дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акт түзүлдү.