Баткенде мигрантардын көйгөйүн талкуулаган кенешме өтүүдө

0
437

Баткенде “Миграция-региондорду өнүктүрүүнүн контексттинде” аталышында кеңешме өтүүдө. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Миграциялык процесстерди талкуулаган  кеңешме 2021-2030-жылдарга карата иштелип чыккан миграциялык саясат Концепциясынын жана 2025-жылга чейин Концепцияны аткаруу боюнча иш-чараларынын алкагында уюштурулган.

Кеңешмеде миграциялык саясаттын негизги багыттары, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экени айтылды.

Иш  чарада эксперттер, аймактарда бизнести өнүктүрүү максатында чет мамлекеттен кайтып келген жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жеке ишкердик боюнча ишмердүүлүк көндүмдөрүнө жана финансылык сабаттуулукка окутуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты жайылтуунун маанилүү максаттары катары чет мамлекеттеги диаспораларды, уюмдарды тартуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык Баткен облусуна, 2023-жыл ичинде чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерден болжолдуу 16 миллиард сомдук акча которуулар болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here