Шахриёр Гайипов сабактан кийин үйүнө шашат. Чек ара жабык болгондуктан эки жылдан ашык көрүшпөгөн достору көчөнүн аркы өйүзүндө жашашат. Шахриёр аларды абдан сагынганын жашырбайт. “Ал жакта досторум көп, чогуу ойноп, сүйлөшүп, мектепке барчубуз. Чынын айтсам, ошол бейкапар күндөрдү абдан сагындым”, — дейт ал.Шахриёр апасы жана эжеси менен Лейлектин чек арага чектеш Арка-2 айылында чек ара трассасына жакын жерде жашайт. 2012-жылы Кыргызстанда “Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө макам берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, Баткен облусунан 61 айыл, 8 участок, анын ичинде Арка-2 айылы кирген. Андан кийин бул аймактарды өнүктүрүү боюнча 2025-жылга чейин мамлекеттик программа кабыл алынган, бирок чек ара маселеси чечилбегендиктен, логистикалык кыйынчылыктардан улам баары аткарыла элек.
Баткен районунун башка айылдарындай эле Арка-2 айылында да өспүрүмдөр үчүн атайын оюн-зоок жок. Алардын бүт жашоосу мектепте жана үйүндө өтөт. Жергиликтүү балдар үчүн бирден-бир көңүл ачуу бул интернетте, алардын баарында интернетке туташкан смартфондор бар. Айыл жаштарынын кыялдары; кээ бирлери акча табуу үчүн алыска кетишсе, башкалары Бишкекте же чет өлкөлөрдө окуусун улантат. Шахриёр, тескерисинче, келечегин туулуп-өскөн айылы менен байланыштырып, эч жакка кетүүнү пландабайт.«Мен бул жерде өз мекенимде калгым келет. Мен атама окшоп Россияга иштеш үчүн кетким келбейт. Ошондуктан бул жердеги жашообуз оңолсо экен деп тилейм. Бул жерден эч жакка кетким келбейт”,-дейт Шахриёр.
Шахриёрдун атасы дагы башка айылдагы эркектердей эле чек ара жабылгандан кийин Орусияга иштегени кеткен, анткени ал туруктуу жумушсуз калган. Арка-2 айылынын жашоосу чек арадан көз каранды. Арка-2 Ходжент-Канибадам трассасынын так жанында жайгашкан. Жеңил жана жүк ташуучу унаалар өтүп кетүүнү суранышат. Чек араны бойлоп өткөндүктөн, токтобой айдап өтүшөт.
Элдер кайсы тарапта экенин ойлобостон, чек ара жолунда ээн-эркин жүрүп, сатты, сатып алды, кызмат көрсөттү, жумуш тапты. Аптасына бир-эки күн ири чек ара базары, кыргызстандыктарды да, тажикстандыктарды да жумуш менен камсыз кылып жатты. Чек аранын жабылышы дароо чек ара базарларынын ишмердүүлүгүнө жана жалпы эле жергиликтүү тургундардын жашоосуна таасирин тийгизди.
Соңку чек ара чырында Шахриёрдун үй-бүлөсү да жабыр тарткан. Алардын бардык мал-мүлкү тонолгон. Туугандары ошондо алар үчүн абдан тынчсызданышкан. Коңшуларынын үйлөрү күйүп кеткендиктен, алар коркунучтуу бир нерсе болуп кетиши мүмкүн деп коркушкан. Шахриёрдун чоң энеси менен апасы бир аз ызы-чуу болсо эле селт эте турганын айтышат.
Учурда Шахриёр апасынын башкы жардамчысы жана үйдө жалгыз эркек. Ата-энесине бул оор мезгилден өтүүгө жардам берүү үчүн өспүрүм тоок жана коёндорду сатууну чечкен.
«Азырынча менде болгону он коён жана жыйырмадай тоок бар. Алардын санын көбөйтүп кеңейтем. Мен фермер болгум келет. Мен атама окшоп чет өлкөгө иш издеп кетким келбейт. Мен ушул жерде жашап, өз мекенимде иштегим келет. Атамды сагындым. Баардыгы мурункудай болуп, элдердин ортосунда ынтымак болсун,»– деди Шахриёр бизге өзүнүн кичи чарбасын көрсөтүп.
Тоокторду сатуу оңой болсо, коёндор бир аз кыйыныраак. Коёндун эти азырынча чоң суроо-талапка ээ эмес, ал негизинен медициналык себептерден улам сатылып алынат. Өспүрүмдүн айтымында, эгер чек ара ачык болсо, кардарлары көбөйтмөк, анткени туулган айылында товар сатуу кыйыныраак.
Шахриёрдун үй-бүлөсү лимон өстүрөт. Азырынча алардын он төрт гана лимон көчөттөрү бар. Шахриёр күн сайын лимондорду сугарууну жана күнөскананын температурасын көзөмөлдөө милдетин алган. «Бизде дээрлик кар жок. Бирок аба-ырайы абдан суук, ал эми лимондор жылуулукту жакшы көрөт. Андыктан мештин отуна дайыма көз салып турам, антпесе тоңуп, мөмө бербей калат. Лимонду даана, салмагы менен да сатабыз. Көбүнчө жакынкы дүкөндөргө алып барабыз же кичи базарга барып соода кылабыз. Лимондорубуз өтө кычкыл эмес, азыр аларды сатуу мезгили», — дейт Шахриёр.Шахриёрдун чоң атасы Абдикамал ата уулдарына жана неберелерине лимон өстүрүүнү үйрөткөн. Гайыповдордун үй-бүлөсүндө биринчи лимон өстүрүү 2016-жылы пайда болуп, чоң атасы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып лимон өстүрө баштаган. Бүгүнкү күндө анын 65ке жакын көчөттөрү бар. Чек ара ачылганда үй-бүлө чек ара базарларында цитрус жемиштерин сатышчу. Муну менен кыргызстандыктарды да, тажикстандыктарды да кызыктырган.
Мурун неберелери конокко келип турушат эле, эми чоң энеси алардан кабар алып турат. Мунун себеби алардын аталары чет жерде иштегендиктен ушундай болуп жатканы менен түшүндурдү. Бүгүнкү күндө Гайыповдордун үй-бүлөсү 15 небере жана эки чөбөрөлүү. Чоң эне Инобат апа балдары тууралуу кайгылуу ойлордон жана тынчсыздануудан алаксытуу үчүн ал апельсин, мандарин жана ал тургай киви менен банан өстүрүүнүн жолдорун изилдей баштады. Эски жашоосу кайтып келгенде Инобат апа аларды балдары, неберелери менен үй-бүлөлүк күнөсканада багууну кыялданат.«Үчүнчү уулумдун жубайы Тажикстандан. Буга чейин чек ара ачык болуп, эл ээн-эркин өтүп, баарлашып турчу. Кичүү карындашым Мавлюда Тажикстандын Гафуров районуна турмушка чыккан. Азыр ал жакта жашап, мектепте иштейт. Бардык туугандар менен WhatsApp аркылуу байланышабыз. Алар жакшы. Алар кыска, көп сүйлөбөйт,» — дейт Абдикамал чоң ата.
Абдикамал ата кеп кылган Шахриёрдун апасы. Анын аты Шахноза, ал Тажикстандан болот. Анын ата-энеси жана туугандары жолдун аркы өйүзүндө, кошуна айылда жашашат. Чек аранын эки тарабында кыргыздар, тажиктер, өзбектер жашайт. Аралаш үй-бүлөлөр көп. Шахриёрдун апасы дасторконду тез жайып, ысык чай куюп, акырын өзү жөнүндө айтып берди.
«18 жыл мурун турмушка чыгып, Кыргызстанга көчүп келгем. Эки балабыз бар, Шахриёр тун уулум. Кызым он жашта. Кээ бир жаныбарлар бар, күнөскана кармайбыз. Биз чек арага жакын жашайбыз. Жолдошум Россияга акча табуу үчүн кеткен. Акыркы эки-үч жылдан бери чек ара жабылып, пандемия дагы болуп жатты. Ошон үчүн үй-бүлөмдү чек аранын ары жагында көптөн бери көрө элекмин. Биз тойго же тажияга да бара албайбыз. Буга чейин Тажикстандагы ата-энеме бир айдын ичинде эки-үч жолу барып келчүмүн. Бизди ушул жол гана бөлүп турганы менен, биз андан өтө албайбыз. Акыркы жаңжал болгондо мен аябай коркуп кеттим, ошондон бери биз ар кандай ызы-чуулардан чочулап калдык. Бизге тынчтык керек. Баарыбыз бири-бирибиз менен ынтымакта жашашыбыз керек», — дейт Шахриёрдун апасы Шахноза.Шахриёр азыр он беш жашта. Аны акыркы жолу 3 жыл мурун, он эки жашында тайэне, таятасы көргөн. Шахриёр Тажикстандагы туугандары менен мессенджер аркылуу байланышат. Кээде алар үй-бүлөнүн ичиндеги топтук видео чалууларды уюштуруп, баары менен бир эле учурда сүйлөшүп, бири-бирин көрүшөт. Аларды бир нече метр гана жол бөлүп турса да жолуга алышпайт. Чек ара жабык.
Абдикамал ата муңдуу үн менен, тегеректеги айылдардын жашоочулары өз коопсуздугу үчүн кабатыр болбостон, ал жерден ээн-эркин өтүп кеткен мурунку жашоосун эскерет.«Биз ынтымакта жашап, кошуналар менен жакшы баарлашып, бири-бирибизге барып, кабар алмашып турчубуз. Азыр WhatsApp аркылуу гана байланышабыз. Жок дегенде ушундай жол менен бири-бирибизди көрөбүз», — дейт Шахриёрдун чоң атасы.
Ал эми айыл тургундары чек ара маселелери боюнча мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн отчетторун ынтызарлык менен угуп жатышат. Мындай акыркы жолугушуу 11-18-февралда Тажикстандын Бустон шаарында өтүп, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топтору жана жумушчу топтору дагы 1,11 км чек ара тилкесин макулдашышкан. Мындай жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Кыргызстандын аймагында өтөөрүн КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 10-16-январга чейин топографиялык жумушчу топтор 38,55 чакырымды макулдашышкан болчу.
Алар чек аранын ар бир кадамын алдыга жылыш катары эсептеп, келечегин аны менен байланыштырышат. «Биз кошунабыз, балким, башкача болмок эмес», — деди Шахриёр бул кабарды окуп жатып. Ал эми байбиче Инобат апа сүйүнгөндөй сөзүн кайталады: «Эң башкысы тынчтык болсун! Ал эми боорукердик адамдардын жүрөгүнө кайтып келет».