Быйыл 363 насостук станция жана 26 агрегат жаңыланат

0
175

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Өлкө боюнча миллион гектардан ашык сугат жерлери бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жерди насостук станциялар ным менен камсыз кылууда.

Республика боюнча жалпы 120 насостук станция бар, аларга 365 насостук агрегат орнотулган. Быйылкы жылга 363 насостук агрегат оӊдоо, 26 насостук агрегаттарды жаӊылоо пландалууда.

Эске салсак, 2022-жылы 365 насостук агрегат оӊдоодон өткөрүлгөн, 61 насостук агрегат алмаштырылган. Ал эми 2023-жылы 365 насостук агрегат оӊдоодон өткөрүлүп, 26 насостук агрегат алмаштырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here