Лейлекте ички аскерлердин шарттары жакшырууда

0
475

Баткен ОИИБнын начальниги полковник Акылбек Мамасейитов Лейлек районунундагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен атап айтканда, Кулуңду, Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аткарып жаткан ишмердүүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички аскерлерине курулуп жаткан имараттардын курулушу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Баткен  облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Курулуштары аяктап калган имараттардын сапаттуулугун, кызматкерлерге түзүлгөн бардык шарттарын бир катар көздөн өткөргөн Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов “ар бир кызматкер ак ниет жана үлгүлүү кызмат өтөөсү милдеттүү, ал эми силерге жакшы шарт түзүп берүү –бул биздин милдет” деп жоокерлер менен жолугушуусунда билдирип кетти.

Бул аймактарда кызмат өтөп жаткан ички иштер органынын кызматкерлеринин элдин коопсуздугун, кылмыштуулуктун алдын алууда аткарып жаткан иштери канааттандырарлык. Айрыкча чек аралаш аймактарда коомдук тартипти сактоодо, катталган кылмыштардын бетин ачууда ошондой пандемия маалында элдердин арасында милициянын көчмө кабылдамасы менен милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алгылыктуу жүргүзүшүнө көңүл бурду. Ошондой эле кээ бир аймактардагы милиция бөлүмчөнүн жетекчилерине кошумча тапшырмаларды берди.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here