Төрт — Гүл боюнча мигранттар өкмөттөн так жооп берүүсүн талап кылат

0
474

Бул сөздү Ушул жылдын 3-февралында парламентте премьер-министрлик кызматка сунушталган Улукбек Марипов каналдын башы коңшу мамлекетке өтүп кеткенин билдирген.

 

Москва шаарында эмгектенип жүргөн баткендик мекткендештер жаңы шайланган прембер-министр Улукбек Мариповдон Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, “Тилекке каршы, Төрт – Гүл суу сактагычына келген каналдын баш жагы Тажикстанга өтүп кетиптир” деген сөзүнү кайсы документтерге таянып айтты. Эгер чын болсо далил фактылары менен бизге так жооп берүүсүн талап кылабыз деп кайрылуу жасашты.

Талап кылган мигранттардын бири Жолболдуев Садык Мариповдон кайсы далил менен ушул сөздү айттыңыз фактыңыз болсо түшүндүрүп жообун айтуусун суранып өттү.

Көк-Таш айылынын тургуну учурда москвада эмгектенип жүргөн Караев Уланбек да буларды айтып берди.Москвадагы кадамжай коомунун төрагасы Данияр Исмаилов каналдын башы буга чейин жашыруун өтүп кеткенби ким алдырып койгон ачык айтсын дейт.

Мигранттар 3-феврлаь күнү да соц тармактар аркылуу кайрылуу жасашкан

 

Ушул маселе боюнча өкмөттүн расмий түшүндүрмөсүн өзгөртүүсүз беребиз.

Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына тийиштүү түшүндүрмө

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйынында Төрткүл суу сактагычы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган.

Бүгүнкү күндө Төрткүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң га ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе Өкмөт башчы тараптан эске салынган.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргыз Республикасына тийиштүү. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here