Өлкө башчы «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

0
537

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда сөөктү коюу жайын уюштуруу шарты жана сөөктү коюу жайын уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү; аны карап-күтүү жана көрктөндүрүү тартиби; сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга жана аларды пайдаланууга санитардык талаптар каралган.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын аймагында ар бир адамга көз жумгандан кийин сөөгүн жайга коюу үчүн белгиленген өлчөмдө жер участогун акысыз негизде берүү кепилденет.

Ошону менен бирге мурда көмүлгөн жайдын жанындагы бош орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тарифке ылайык акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөрү белгиленген.

Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here