Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, ири өрт тамактануучу жайдан эмес, «Ак сарай» соода борборунан чыккан.
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу соода борборунан чыккан өрт түнкү саат 00:10дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.