Жалал-Абадда жүргүнчүнү зурдуктоого шектелген айдоочу кармалды

0
1052

Жалал-Абад милициясы жүргүнчүнү зордуктоого жана сүзүп кетүүгө шектүү айдоочу кармалганын билдирди. Облустагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, милицияга 35 жаштагы жаран кайрылып, өзүн белгисиз бирөөлөр зордуктоого аракеттенишкенин жана автоунаа менен коюп кетишкенин билдирген. 

Окуя 23-февралга караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаарында болгон. 1989-жылы туулган аялды белгисиз жарандар «жеткирип коебуз» деп машинеге салып кетишкен. Жолдо унаадагы адамдар аны зордуктоого аракеттенип, каршылык кылганда жолго калтырып, андан кийин унаа менен эки жолу сүзүп кетип калышкан. Бул окуядан соң жабырлануучу ооруканага жана милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча, Жалал-Абад шаардык милициясы ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары “Субару” автоунаасынын ээсин кармашкан. Машина айып короого киргизилип, Учурда айдоочу милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Иликтөө иштери уланууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here