Баткенде чек ара чырында өрттөлгөн тоок ферма толук кандуу ишке кирди

0
1215

Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын  сентябрында  кыргыз-тажик чек арасында  орун алган калабада курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасы кайрадан ишке кирди. Анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Аталган тоок ферма Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы өнөр жай зонасына салынган. Бүгүн 9-февралда тоок фермага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барып,чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Чарба үчүн  ​​Баткен шаарынын мэриясы тарабынан  эки гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда  15 жаңы иш оруну түзүлгөн.Заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт.

Учурда фермада 40 миң тоок бар. Күнүнө 35 миң даана жумуртка алынууда. Даяр өндүрүлгөн продукция ​ ​​Баткен жана Ош облустарынын аймагынын рынокторунда сатылууда.       

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here