Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы ачылды

0
469

Бүгүн, 9-февралда Баткен шаарында Баткен өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Мекеменин ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Аталган мекеме аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу  максатында курулган. Бул лаборатория экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзөт.

Эми ишкерлер продукцияларын жеринде лабороториялык аныктоо иштерин жүргүзүү менен экспортко сертификат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here