Бакыт Төрөбаев Баткенде трансформация боюнча жыйын өттү

0
344

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы  жерлерди трансформациялоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.

Жыйынга Президенттин Баткендеги өкүлү  Абдикарим Алимбаев, баштаган бийлик өкүлдөрү жана жер адистери катышты.

Жыйында Баткен облусунун  аймагында 2019-2023-жылдар ичинде трансформация болгон жана трансформациялоо үчүн даярдалган иш кагаздары  боюнча маселе каралды.

Калкты турак жай куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

​тийиштүү  токтомдорунун негизинде жалпы облус боюнча 2019-2023-жылдар аралыгында 1300,7 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлерине” которулуп берилген.

Облустун аймагындагы  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга даярдалып жаткан жерлердин аянты  облус боюнча 2550,23 га.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here