“Рональдо” асыл тукум 31 баш ири мүйүздүү бодо малдарынан күнүнө 600 литр сүт алынып жатат

0
764
Кадамжай районунун Өрүк-Зар  айылында Эт-сүт багытындагы фермердик  чарбасында 31 баш ири мүйүздүү бодо мал багылып, күнүнө 600 литр сүт алынууда. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фермада  Чехиядан алынып келинген симменталский монбельярд  пародасындагы  ири  мүйүздүү бодо  мал  багылат. Бул ферманы ачууга фермер Мурзакарим Ботобеков 110 миң доллар инвестиция салган.
Мындан төрт ай мурда алынып келинген уйлар баары төлдөп, малдын жалпы саны 60ка жетти. 2024-жылдын май айына дагы 30баш мал алып келүү пландалган.
Фермердик чарба алдыда сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачуунун үстүндө иш алып барууда. Чарбада жети киши жумуш орду менен камсыз болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here