Быйыл Кыргызстанда 50 адамга акысыз бөйрөк алмаштыруу жасалат

0
553

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасала турган бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык менен таанышууга барганда белгилүү болду. 

Министрликтин маалыматында, аталган борбордун дарыгерлери алты айдан бери гемодиализ аппаратында жаткан 22 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштырууну мерчемдешүүдө. Ага атасы донор болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алат. Буга байланыштуу Министрлер кабинети быйыл программалык диализден өтүп жаткан 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу үчүн бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлгөн. Министрликте ошол 50 бейтапты тандап алууга комиссия түзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here