Самаркандекте 16 млн сомго логистикалык борбор курулуп, пайдаланууга берилди

0
827

Баткен районунун Самаркандек айылында  жаңыдан курулган 500 тонналык логистикалык борбор пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, логистикалык борбордун жалпы аянты 20 сотыхты түзөт. Жалпы суммасы 16 млн сомдон ашуун акча каражаты сарпталган. Борбордо жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн бардык  шарттар түзүлгөн.

Белгилеп кетсек, бул логистикалык борбор USAIDдин «Агросоода» долбоору менен бирге жеке ишкерлер Сайпидин Жумабаев жана Мухамат Жумабаевдердин ортосундагы өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here