Кадамжайда бала бакчаларда зомбулуктун алдын алуу аракеттери жүрүүдө

0
464

Облустук милициянын маалыматына караганда, Кадамжай райондук милициясы аймактагы балдар бакчаларынын тарбиячы, жетекчилерине  балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте зордук-зомбулуктун,  чоңдор тарабынан жаш балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктардын алдын алуу багытында жыйналыш уюштурду.

Жыйналышта зомбулук жасаган адамга мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле бул көйгөй орун алса милицияга ыкчам маалымат берилүүсү зарыл кени эскертилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here